31-январда саат 16:20 чамаларында, 9 жаштагы Айгерим 11-кичирайондогу №63-мектептен чыккан боюнча жоголуп кеткен.

Бир сааттан кийин кыздын ата-энеси милицияга кайрылып, алар оперативдүү чараларды көрө баштаган. Өз кезегинде кичинекей кызды издөөгө мэриянын жалпы кызматтары дагы киришкен.

Ушул эле күнү, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер боюнча инспектору, милициянын капитаны Курбанова Гульнура Байышбековна жана милициянын капитаны Кадыркулов Зоокарбек Кудайбердиевич Айгеримди таап, “Айданек” борборуна алып келип, андан соң Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жерден Айгеримди ата–энеси үйүнө алып кетти.

Айгеримдин айтымында ал №17-троллейбуска отуруп, “Дордой” базарына жетип, ошол жерден адашып кеткен.

Белгилей кетсек, жашы жетелектер боюнча инспекция бардык жергиликтүү муниципалдык аймактык башкармалыктар менен кызматташып, балдар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурат.

Бишкек шаарынын мэриясы, инспекторлорго жана кичинекей Айгеримди издөөдө кайдыгер карабаган баардык шаар тургундарына ыраазычылык билдирет.

Бишкек – балдарыбыз үчүн сүйүктүү шаар!