4-февралда, Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Баарыбыз рак илдетине каршы” аттуу кайрымдуулук акциясы өттү. Иш-чара белиглүү теле алып баруучу Салтанат Саматова менен Кызылгүл Каниметованын жаркын элесине арналган.

Көрүүчүлөргө тартууланган концерттик программага Гүлнур Сатылганова, Эркин Мукашев, Съездбек Искеналиев, Жанар Туратова, Анжелика, Жийдеш,  Замира Мавлянова,  Курал Чокоев, Марат Ибраев, Жаннета Усупжанова, Омар, Гульжигит Калыков, Кайрат Примбердиев жана башкалар катышты

Иш –чаранын алкагында өткөрүлгөн жарманкеде “Курдаш” онкопациенттер мектебинин өкүлдөрү тиккен курак баштыктар сатыкка коюлуп, андан түшкөн каражат, онкологиялык оорудан жабыркагандарга химиотерапияга керектелчү дарылар сатылып алынат.

Эсиңиздерге сала кетсек, коомдук ишмер жана теле алып баруучу Салтанат Саматова, өмүрүнүң соңку жылдарында бул дарт менен күрөшүп келген. Ал 47 жашында, 2018-жылы 15- августа дүйнөдөн кайткан. Салтанат Саматова рак илдетине чалдыккан көптөгөн кыргызстандык айымдар үчүн үлгү болуп, рак илдетине  каршы иш чараларга активдүү катышып келген.

Белгилей кетсек, 4-февраль дүйнө жүзү боюнча рак илдети менен күрөшүү күнү катары белгиленет. Бул күндүн максаты – рак илдетине  коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул дартка чалдыгуу канчалык кооптуу экенин айтып берип, бул илдеттен көз жумгандардын санын азайтуу.

Концерттин уюштуруучуларынын бири - Гульмира Абдыразакова жеткетеген "Вместе против рака" коомдук уюму.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!