Учурда  альтернативдик аскер кызматын өтөөгө Октябрь району боюнча 344 киши чакырылган.

Чакырууга келип катталган бардык жаштар райондун муниципалдык аймактык башкармалыктарына бөлүштүрүлгөн. Аскерге чакырылган уландар коомдук – пайдалуу иштерге 108 саат иштеп берүүсү милдеттүү. Бүгүнкү күндө альтернативдик кызмат өтөгөндөрдүн ичинен 41 киши өз милдетин аткарып, коомдук – пайдалуу иштерге катышты.  

Райондун муниципалдык аймактык башкармалыктарына альтернативдик кызматка чакырылгандардын ишин көзөмөлдөө жана муниципалдык усатоктордун тазалыгы менен жайлуулугун сактоо милдети жүктөлгөн.    

Бишкек – сүйүктүү таза шаарым!