“Бишкекжашылдандыруу” ишканасынын адистери аба –ырайынын шартына карабастан, күнүмкүдөй шаарыбыздагы коллектордук –дренаждык түйүндөрүн тазалоодо.

Камыш, куурай, таштанды, пластик бөтөлкөлөрдүн калдыктары жана полиэтилен баштыктары – булардын баардыгы “Бакай-Ата” жаңы конушундагы Анар көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштеринин жүрүшүндө алынды. Учурда коллектордук –дренаждык түйүндөрдүн 60 метри тазаланды. Ошондой эле, Васильев көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейинки Черкесский кичи көчөсүнүн 400 метрлик бөлүгү таштандылардан тазаланды.

Аны менен бирге, Ала-Арча дарыясынын бою атайын техниканын жардамы жана техника өтпөй калган жерлерде кол менен тазаланууда.  

“Бишкекжашылдандыруу” ишканасы Биринчи май жана Свердлов райондорунда жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүн алдын алуу максатында, 86,6 км коллектордук - дренаждык түйүндөрүн тазалайт.

Коллектордук – дренаждык система - бул өз ара бири бири менен түтүктөр менен дренаждык кудуктар байланыштырылып, жер катмарын ашыкча суудан сактоо үчүн иштеген түйүндөр. Бул дренаждык системанын жардамы менен жер катмарынын суу балансы теңделип, турак жай салууга жана бак – дарак отургузууга шарт түзүлөт.

Ардактуу шаардыктар! Мэрия сиздерден коллектордук-дренаждык системаларга таштанды таштабоону өтүнөт. Бул системалардын жардамы менен шаарыбыздын ирригациясы бак-дарактарды сугарууга жардам берет.  

Бишкек – сүйүктүү ыңгайлуу шаарым!