Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорту күнүмкүдөй ишин улантууда.

Учурда линияга  88 автобус, 1806 маршруттук автобустар жана 135 троллейбус – бардыгы болуп  2100 унаа  иштеп жатат. 

Аба-ырайынын шартына байланшутуу жолдордо тыгындар пайда болуп, кээ бир жерлерде транспорт кыймылы үзгүлтүккө учурап жатат. 

Ошондой эле, №11,14,2,9,7- каттамдар боюнча жүргөн троллебусттар ишин жандандырышты. Эске сала кетсек, Бишкек троллейбустук башкармалыгынын подстанциясында авария болгонуна байланыштуу, Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки Манас проспектисинин бөлүгүндө, Киев көчөсү жана Жибек-Жолу проспектиси боюнча троллейбустар токтоп калган.   

Ардактуу шаардыктар! Транспорт кыймылы боюнча пайда болгон суроолор бонча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.  

- Троллейбустардын иши боюнча - 0312 657542, 635199;

- Маршруттук автобустардын иши боюнча – 0312  53 36 48;

- Автобустардын иши боюнча - 0312 53 48 24, 53 18 17.

Мындан тышкары шаарыбыздын тургундары жана меймандары үчүн  "Inobi — Транспорт Бишкека" мобилдик тиркемеси кызматта.