“Ак-Бата” жаңы конушунда «Бишкексвет» мунципалдык ишканасынын адистери көчө жарыктарын орнотуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.  

Аталган иштерди жүзөгө ашыруу боюнча жаңы конуштун жашоочулары акча чогултуп, каражаттын жетишпеген бөлүгү Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин грант берүүчү комиссиясы тарабынан берилген. Бул комиссия жергиликтүү калкка  кошумча жардам берүү үчүн берилген гранттарды “Роза Отунбаеванын демилгелери”  Эл аралык коомдук фонду менен биргеликте каржылап келет.

Чогулган каражатка №7, 8, 9, 10, 11- көчөлөргө орнотулуучу материалдар сатылып алынды. Жар салынган тендердин негизинде 73 диоддук прожектор жана керектлүүчү материалдар алынды.

Жеригиликтүү өзүн өзү башкаруунун дем берүүчү гранттары  шаардын жергиликтүү территориалдык аймактардын өнүгүшүнө жана алардын ишмердүүлүгүнүн жүрүшүнө жардам берип, Бишкек шаарынын бюджетинен бекер берилет.
 
Аталган гранттар приоритеттүү долбоорлорду каржылоого багытталып, Бишкек шаарынын аймагына караган жергиликтүү уюмдардын өнүгүшүнө жана коммуналдык суроолорду жана башка ушундай сыяктуу маселелерди өз алдынча чечүүдө жардам берет.  

Бишкек – жарык чачкан сүйүктүү шаарым!