“Бишкекжашылдандыруу” ишканасы куурап,чирип калган бактарга кезектеги санитрадык тазалоо иштерин жүргүзүүдө.  

Учурда Панфилов көчөсүндө сырты таза көрүнгөнү менен ичи чирип, күүлүп калаган бактар кыйылды. Мындан тышкары кээ бир жерлерде дүмбүрлөрү таза болгону менен кыртышы куурап түшүп калган бактар алынды.  

Акыркы 50 жылда Бишкек шаарында жаңы бак отургузулган эмес. Ушундан улам, бүгүнкү күндө калаабыздагы бактардын массалык түрдө  куурап калуусу байкалып, кээ бир учурларда куураган бактар сынып, жерге кулап шаардыктардын өмүрүнө коркунуч туудуруда.  

Быйыл «Бишкекжашылдандыруу» ишканасы 9 939 көчөт отургузууну пландаштырууда. Алардын ичинде жазы жалбырактуу жана ийне жалбырактуу: катальпа, эмен, ак чечек, арча, кызыл карагай, ошондой эле бадалдар жана 2 млн 200 миң түп гүлдүн 27 түрү кирет.

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаарым!