Иш-чара “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен 13-февралда саат 18:30да Ololo haus Victory имаратында (Ибраимов к. 103) өтөт.

Жолугушуу “Бишкек шаарын өзгөртүү саясатына шаардыктарды тартуу негиздери” деген темадагы изилдөөнүннегизинде өткөрүлүүдө. Талкууга катышкан спикерлер: «Лаборатория СИ» көркөм уюмунун жетекчиси Диана Уна жана «Наше Право» Фондунун директору Калича Умуралиева.

“Шааркана” жолугушуусунда, коноктор шаардыктарды баш калаабыздын күнүмдүк турмушуна активдүү катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Ардактуу шаардыктар, кызыктуу жолугуушудан куру калбаңыздар. Кирүү акысыз.

Маалымат үчүн телефон:0555 22-27-52.