Баш калаабызда 960 орундуу мектептин курулушу уланууда. Жаңы окуу жайдын имараты Аалы Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистралы) жайгашкан.

Жалпы билим берүү мекемесин куруу иштерин «Газпром Кыргызстан» ААК  тарабынан каржылаган.  

Долбоорго ылайык, мектептин имараты окуу корпусу, административдик жай жана курамына жыйындар залы, ашкана, эки спорт залы, бассейн кирген чарба имараттары  менен камсыздалган. Курулуш иштерин май айында аяктоо пландаштырылууда. Андан соң, жаңы окуу жылына микроучастокко карата окуучулар кабыл алынат.

Бишкек шаардык кеңешинин депуттатары Канатбек Музуралиев, Сайдахмат Исмаилов, вице-мэр Рысбек Сарпашов, Октябрь районунун жетекчиси Ренат Айтымбетов жана билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова баш болгон комиссия орто мектептин курулуш ишинин жүрүшү менен таанышты.  

Жеринен өткөрүлгөн жыйындын чечими менен "Бишкексууканал" ишканасына имаратка канализация системасын киргизүү тапшырмасы берилип, ал эми "Бишкекасфальсервис" жана каптиладык курулуш башкармалыгына түштүк магистралынан мектепке чейин асфальт төшөө иштери милдеттендирилди.

Бишкек – балдар үчүн шаар!