2018 – жылдын август айынан баштап, үстүбүздөгү жылдын январь айына чейин Бишкек шаарынын мэриясы ар кандай суроолор боюнча 1 252 арыз жана кайрылууларды карап чыкты. Аталган маселелер жалпыго маалымдоо каражаттарынын атайын рубрикаларынан келип түшкөн.

Мэрия берилген арыздарга баардыгы болуп 996 жооп жоноткөн. Алардын ичинен курулуш тармагындагы мүчүлүштүктөргө карата – 514 кайрылуу, турак –жай коммуналдык чарбасынын иштерине карата – 354 арыз, транспорт маселелери боюнча – 128 кайрылууга жооп берилген. 

Борбордук муниципалитет бишкектиктер менен баардык жеткиликтүү каналдар аркылуу байланыш түзөт. Шаар тургундары үчүн 24 саат бою кызматта болгон телефон номурлары иштейт: 1840 жана 1850. Ал эми көйгөй тартылган сүрөт жана видеолор үчүн WhatsApp номур: 0554 182-185.

Ошондой эле, кайрылуулар үчүн турак-жай маселелери боюнча акимдердин орун басарларынын WhatsApp номурлары кызматта:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангелдиевич (Биринчи май району)— 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Арыздар «Bishkek 312» мобилдик тиркемеси аркылуу дагы кабыл алынат. Аны  PlayMarket жана AppStore тиркемелери аркылуу телефонго жүктөп алса болот. Тиркемени активдештирүү үчүн – фамилия, атыңызды, телефон номуруңузду киргизип, өзүңүзгө керектүү группага катталасаңыз болот.

Тиркеме колдонуучулар үчүн төмөнкү суроолор боюнча бөлүмдөр иштелип чыккан: турак- жай коммуналдык чарбасы, коомдук транспорт, жолдорду салуу, социалдык мекемелердин иши, жашылдандыруу маселелери жана башкалар. Ошондой эле шаардыктар сунуштарын “Бишкек шааардык мэриясынын расмий каналына” калтыра алат.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!