«Бишкекжашылдандыруу» муниципалдык ишканасы кыш мезгилиндеги ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу иштерин улантууда.

Ийне жалбырактууларды отургузуу иштери үчүн кыш мезгили абдан ыңгайлуу мезгил. Февраль айынын соңуна чейин баш калаабызды жашылдандыруу иштери аяктайт. Жалпы жонунан  бул жылда 2 миң 124 ийне жалбырактуу бак тигилет.

Учурда Чүй проспектисинин Осмонкул көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 22 түп арча багы тигилип, бул багытта иштер жүрүүдө.

Ошондой эле, суу чарбачылыгы коллектордук-дренаждык түйүндөрдү тазалоодо. Учурда  Батыш Чүй Каналынын түштүк тарабын бойлой Буденный көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү куурап калган чырпыктар жана саз жерлердеги  танштандылар алынды.  

“Бишкекжашылдандыруу” ишканасы тарабынан соңку 3 ай ичинде коллектордук-дренаждын түйүндөрдүн миң метрден ашуун участоктору тазаланды.

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаарым!