Свердлов районунун акими Мурат Осмонов №20-МАБтын жетекчиси Нурбек Сагынбек уулу менен биргеликте «Каражыгач» сейил багындагы оңдоо иштеринин жүрүшүн  текшерүүдө.  

“Каражыгач” сейил багы шаардын ортосунда орун алган,100 гектардан ашык жерде негизделген парк. Аталган сейил бак таланттуу ботаник Алексей Фетисовдун демилгеси менен негизделген. Анын аянты схемага ылайык 128,34 гектарды түзөт.  

Бүгүнкү күндө көлөмдүү курулуш, реконструкция, жашылдандыруу жана жайландыруу иштери аяктап калды. Шаардыктардын жагымдуу эс алуусу үчүн бул жерде веложолго асфальт салынып, аллеяга майда таштар төшөлүп, диоддук жарыктар орнотулуп, музыка ойноп туруучу жабыдктар, видео көзөмөл кылуучу камералар жана үстү жабык отургучтар коюлган.  

Учурда театралдык сахна оңдолуп, суу ичкенге фонтандарды орнотуу иштери жүрүүдө.  

Бишкек – сүйүктүү жайлуу шаарым!