Бүгүн Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов жарандарды кабыл алды.

Жолугушууга келген жарандар менен жашылдандыруу жана жайландыруу, материалдык жардам жана социалдык кызматтар боюнча суроолор талкуланды.

Бардык кайрылуулар боюнча район жетекчиси атайын кызматтарга мыйзам чегинде жана оперативдүү аткарылышына талап койду.

Эске сала кетсек, Октябрь районунда жарандардын кайрылуулары боюнча «Бирдиктүү терезе» иштейт. Ошондой эле, adm-oktyabr@bk.ru электрондук дарегине кайырлууларды жөнөтүп жана  Октябрь районунун акими Айтымбетов Р.К. жеке кабыл алуусуна  жазылса болот.  

Бирдиктүү терезе иш күндөрү саат 9:00 саат 18:00 чейин  Байтик Баатыр көчөсү, 17үй (биринчи кабат, фойенин он тарабынан кирсе болот) иштейт.

Телефону: (0312) 57-63-80.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!