Биринчи май райнунда Бишкек санитардык полигонунда балдарды иштеткен учурларды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.  

Рейдке, КР Өкмөтү алдындагы Бишкек шаарынын регион аралык экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын өкүлдөрү, өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекциясы, мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмү жана райондун муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө полигондун аймагында иштеген жашы жете элек балдар аныкталган эмес. Ошондой эле, полигондо иштеген бардык кызматкерлер менен балдарды мындай кара жумушка иштетпөө туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай жерде иштеген балдардын ден-соолугуна жана социалдык жактан өнүгүүсүнө зыян болоору айтылды.    

Биринчи май райнунун акмиатынын маалыматына ылайык мындай рейддер системалык түрдө жүрүп, мындан ары элдердин массалык түрдө чогулган жерлерде жана базарларда дагы өткөрүлөөрү пландалууда.

Ардактуу шаардыктар, Биринчи май районунун акимиатында балдар иштери боюнча атайын линия кызматта. Суроолор үчүн телефон:(0312)-66-15-37.

Бишкек – балдар үчүн шаар!