Ленин районунун окуучулар арасындагы спартакиада 11 –февралда башталды.

Иш-чара ден-тарбия жана спорт багытын өнүктүрүү, өсүп келечек муундун ден-соолугуна кам көрүү жана мыкты спортчуларды аныктап, курама команда түзүү жолу менен шаардык спорттук иш-чараларга катыштыруу максатын көздөйт.

Бүгүнкү күндө спорттук мелдештер № 25- жана № 82- орто мектептердин окуучуларынын арасында баскетбол, волейбол, шахмат, стөл үстүндө теннис, дартс, тогуз коргоол, футбол, жеңил атлетика, окуу нормативдери жана  ордо оюндары боюнча өткөрүлүүдө.  

Командалык зачеттун жыйынтыгы менен байгелүү орундарга ээ болгон командалар баалуу байгелер, кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланат.  

Ошондой эле, 1- жана 5- орунду ээлеген командалар менен спортчулар баалуу белек, диплом, медалдар менен райондук адмистрациянын атынан дагы сыйланат.

Бишкек – спортту сүйгөн сүйүктүү шаарым!