Октябрь районунун акимиаты “Орто-Сай” соода комплексинде жана базардын жанындагы Юнусалиев менен Суеркулов көчөлөрүндөгү соода-сатык жайларын тартипке келтирүү боюнча рейд өткөрдү.  

Текшерүү иштери Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы жана санитардык –экологиялык инспекциянын өкулдөрү менен биргеликте  жүргүзүлдү.

Натыйжада 10 соода түйүнү алынып, жерге туруп азыктар менен соода кылууга тыйуу салынаары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул багыттта иштер дайыма аткарлып турат.

Мэрия эскертет! Көчөдө азыктарды уруксатсыз сатуу ден-соолукка кооптуу жана Бишкек шаарынын аймагында соода кылуу эрежелерин сактоону өтүнөт.

Ардактуу шаардыктар, сын-пикир, каалоо, сунуштар үчүн «Bishkek 312» мобилдик тиркемеси сиздиердин кызматыңыздарда  Бул тиркемени PlayMarket жана AppStore аркылуу жүктөп алууга болот. Тиркемени активдештирүү үчүн аты-жөнуңузду жана телефон номуруңузду көрсөтүп, тигил же бул группага катталуу жетиштүү.

Мындан тышкары, каалоочулар Facebook социалдык тармагындагы мэриянын расмий аккаунтуна катталып, оперативдүү маалымат алуу менен бирге, көйгөйлүү суроолорду калтырууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле, мэрияынын иши тууралуу толук маалымат оперативдүү түрдө www.meria.kg расмий сайтында дареги боюнча чыгып турат.

Бишкек – сүйүктүү ыңгайлуу шаарым!