Биринчи Май райондук акимиаты 19 февралда компьютердик клубдарда жана коомдук жайларда түнкү рейд өткөздү.

Иш-чарага Биринчи Май районунун башчысынын орун басары, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын, ички иштер башкармалыгынын жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери, МАБ жана райондук прокуратураларынын өкүлдөрү катышты.

Рейддин жүрүшүндө 14 бала ИИМдин укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилди. Алардын ата-энелери чакырылып, протокол түзүлүп, ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Компьютердик клубдардын жетекчилерине дагы,  өспүрүмдөрдүн  түн ичинде клубда болбоосу жөнүндө эскерүүлөр берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы эскертет, жашы 18ге жете электерге түнкү саат 22.00дөн 06.00 чейин, 1 июндан 31 августка чейин болсо 23:00дөн 06.00 чейин коомдук жайларда жалгыз жүрүүгө тыюу салынат.

Ата-энелер үчүн эскертүү! КРдин мыйзамдарына ылайык, балдардын ата-энелери тарбия берүүгө, коопсуздугун камсыздоого жоопту.

Бишкек балдар үчүн коопсуз шаар!