Биринчи Май районунун тургундары үчүн 19-февралда №61- орто мектепте балдардын коопсуздугу боюнча семинар өттү.

Иш-чарага мектеп окуучулары, ата-энелер, район башчысынын орун басары  Г.Джумабекова, райондук билим берүү борборунун директору, МТУ№12 жумушчу тобу жана Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин Биринчи Май районундагы бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.

Маектин негизги максаты балдар жана өспүрүмдөрдүн арасындагы жана аларга карата кылмыш жана укук бузуулар менен күрөшүү. Анткени,  мындай көрүнүштөрдү алдын алуу - тарбия  иштериндеги эң негизги багыт болуп саналат.

Ошондой эле,  балдардын түн ичинде жалгыз коомдук жайларда  жүрүүсү талкууланды

Балдарга күнүмдүк техниканы колдонуу,  өрткө каршы коргонуу жана  алдын   алуу эрежелери боюнча түшүндүү иштери жүргүзүлдү.

Өз кезегинде мектеп окуучулары жана ата-энелер  дагы кызыккан суроолоруна жооп алышты.

Ардактуу шаардыктар, Биринчи май районунун акимиатында балдар иштери боюнча атайын линия кызматта. Суроолор үчүн телефон:(0312)-66-15-37.

Бишкек балдар үчүн коопсуз шаар!