Ата-мекенди коргоочулар күнүнө карата Биринчи май районуна караштуу балдарды жана жаштарды реабелитациялоо борборунда майрамдык концерт өттү.

Жолугушууга согуш ардагерлери менен куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн жоокерлерибизге сый-урмат көрсөтүү менен жаштарды руханий–нравалык, аскредик-патриоттук багытта тарбиялоо максатында уюштурулду.

Иш-чарага  райондун Ардагерлер кеңешинин жетекчиси Маркил Ибраев, мэриянын алдындагы балдардын социалдык адаптация борборунун тарбиялануучулары жана район акими Токтосун Султановдор катышты.

Майрамдык куттуктоо аскердик-патриоттук ырлар, №83- меткептин окуучулары тарабынан даярдалган “Жоокер” сынагынын жеңүүчүлөрүнөн көрсөтүүлөрү жана райондук балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынан концерттик программа менен коштолду.  

Бишкек – балдар үчүн сүйүктүү шаар!