Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов «Уста» ачык акционердик коомунун аймагында иш алып барган бир катар уюмдардын иштери менен таанышты.

Компания слесардык-монтаждык аспаптарды чыгаруу, трактор менен унаалардын кыймылдаткычтарын оңдоо, түстүү жана болоттон жасалган жабыдктарды жасоо багытнда иш алып барат.

Учурда заводдун аймагында 50дөн ашык орто жана чоң ишкана сырьёну иштеп чыгуу жана кайра иштеп чыгуу багытында, даяр продукцияны таңгактоо боюнча жана тигүү цехтери иштейт.

Жолугушу учурунда ишкананын башкы директору Шайбек Юлдашев экскурсия көрсөтүү менен бирге, өндүрүштүн кубаттулугун жогорулатуу боюнча келечек пландар менен бөлүшө кетти. Өз кезегинде район акими жеке ишкердиктин экономикадагы орду, жергиликтүү бюджетти толтуруудагы манилүүлүгүн белгилеп, келечекте эки тараптуу кызматташууда көмөктөшүүгө даярдыгын белгилей кетти.  

Бишкек – ишкердикти сүйгөн шаарым!