Мындай чечим, шаар көчөлөрүнүн кесилиштеринде транспорттук кыймылды уюштуруу боюнча иш кеңешмесинде кабыл алынды.

Төмөнкү  тизмедеги кесилиштерде кошумча жол белгилери жана жол чырак объектилериндеги орнотулган кошумча секциялар боюнча маалымат:

- 7 Апрель – Горький көчөлөрүнүн кесилиши (кошумча секция, солго бурулуш, түндүк тараптан түштүк тарапка карай, 4 жол тилке);

- Курманжан-Датка – Чүй проспектилеринин кесилиши (жол чырактарды жылдыруу, кошумча секциялардын убактысын узартуу);

- Чүй – Фучик көчөлөрүнүн кесилиши (экинчи тилкеден солго кайрылуу, батыштан чыгышка карай).

Ошондой эле, Исанов көчөсүнүн батыш тарабында кыймылды жеңилдетүү максатында, Чүй проспекти менен Киев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүктө “Токтоого тыйыуу салынган” белгиси орнотулду.

Чүй проспекти менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги экинчи стоп линия жокко чыгарылды. Ал жерде “Стоп” белгиси орнотулду.  

Март айынын биринчи декадасында “коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү иштеринин алкагында Бишкек шаарынын мэриясы ГОСТ стандарттарына дагы 9 жол кесилиштерин ылайыкташтырат.  Алар:

-   Ж. Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши;
-   Чүй – Манас проспектилеринин кесилиши;
-   Чүй проспекти менен Павлов көчөсүнүн кесилиши;
-   Жибек Жолу - Манас проспектилеринин кесилиши;
-   Махатма Ганди – А.Боталиев көчөлөрөнүн кесилиши;
-   Жибек Жолу – Курмажан Датка проспектилеринин кесилиши;
-   И. Ахунбаев – Байтик Баатыр көчөлөрөнүн кесилиши;
-   Чүй проспекти менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши;
-   Байтик Баатыр – М. Горький көчөлөрөнүн кесилиши;

Системаны акырындап ишке киргизүү үчүн долбоорду 4 этап менен жүзөгө ашыруу пландаштырылган. Экинчи этапты реализациялоо процесси үстүбүздөгү жылдын март айында башталат. Жалпы жонунан бул долбоордун алкагында шаардын 38 көчө кесилишине камера орнотулат. Долбоордун аткаруучусу «Вега радиокуруу концерни» акционердик коому.  

Ардактуу шаарыдктар! Жол эрежесин сактап, жол белгилерине көңүл бөлүүңүздөрдү өтүнөбүз.  

Бишкек – сүйүктүү коопсуз шаарым!