11- январда Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек шаарындагы коомдук транспортто электрондук билеттөө” мамлекеттик –жеке менчик өнөктөштүк долбоору боюнча тендер жарыялаган.

11 –февралда тендердик документацияны ачып, бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн жети компания арыз бергендиги белгилүү болду.

10 күн ичинде тендердик комиссия берилген талаптарга жооп берген 5 компанияны аныктап, тендердин экинчи этабына катышуучулардын тизмесин жарыялады:

- ООО «Ситикард» (Нижний Новгород, РФ);

- ЖАК «Золотая корона» («РСК Банк» ААК жана «Тодэш Торг» ЖЧК, Новосибирск, РФ);

- BPC AG, Баар (Швейцария);

- LGCNC-KSCC Consortium  (Сеул, Корея);

- жоопкерчилиги чектелген консорциумдук компания «Шанхай Шенту интеллектуалдык системалары» (КНР) жана «Шыдыр Жол Кей Джи» ЖЧК(Шанхай, КНР).

Аты аталган компаниялар, тендердин экинчи этабына  катышуу боюнча арызын, үстүбүздөгү жылдын  25-мартынын саат 14.00 кеч калбай, “Бишкек автотранспорттук ишканасы”  муниципалдык ишканасына берүүсу зарыл. Белгилей кетсек,  сынактын экинчи этабына катышуунун  негизги талабы – арыз менен бирге 150 миң АКШ доллары менен камсыздалган кепилдик документтердин болуусу.  

Бишкек – сүйүктүү шаарым!