Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр жүрдү.

Бишкек шаарынын социалдык суроолор боюнча вице-мэри болуп Кузнецова Татьяна Анатольевна дайындалды. Ал буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары болуп эмгектенип келген.

Транспорт маселесине жооп бергенвице-мэр Максим Ситников,Октябрь районунун жетекчиси болуп дайындалды. Анын ордуна мэриянын аппаратына буга чейин Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстар башкармалыгын жетектеп келген Алымкулов Азизбек Эсенбекович келди.

Шаар куруу жана архитектура суроолору боюнча вице-мэр болуп капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Азыгалиев Уланбек Шайлообекович дайындалды.

Коомдук мамлекеттик курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп Октябрь районунун мурдагы акими Айтымбетов Ренат Калкабаевич дайындалды.

Тийешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек – адис көйлөрдүн сүйүктүү шаары!