Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында жасалма рельефтин үстүндѳгү туристтик күрѳш боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги ѳттү.

Ачык биринчилик, клубдар ортосундагы табигый тоскоолдуктарды жоюуу, тажрыйба бөлүшүү, техникалык ыкмалар менен тактикаларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү максатында жүргүзүлгѳн.

Жыйынтыгында, мелдештин жеңүүчүсү «New Way» туристик клубу аталды. Экинчи орунга «Надежда» туристик клубу ээ болду. Үчүнчү орунга«Скиф» альпинисттик клубу клубу ээ болду.

Иш-чарага  жалпы 45 спортчу жана 6 спорттук жамаат катышты.

Бишкек- спортту сүйгөн сүйүктүүшаарым!