“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбордун көчөлөрүн атайын техника менен жууй баштады.

Ишкананын кызматкерлери жолдорду  жууш үчүн атайын техникадагы  кышкы жабдууларды  алмаштырууда.

Учурда, Бишкекте бир нече көчө жуулуп баштады. Алар: Аалы Токомбаев, Фучик, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Манас, Чүй проспектилери. Аба ырайы турукташып, техниканын баары даяр болгондо, калаанын бардык көчөлөрү жуулат.

Ошондой эле, санитардык тазалоо иштери дагы күнүмкүдөй ишин улантууда.

Ардактуу шаардыктар, сын-пикир, каалоо, сунуштар үчүн «Bishkek 312» мобилдик тиркемеси сиздиердин кызматыңыздарда. Бул тиркемени PlayMarket жана AppStore аркылуу жүктөп алууга болот. Тиркемени активдештирүү үчүн аты-жөнүңүздү жана телефон номуруңузду көрсөтүп, тигил же бул группага катталуу жетиштүү.

Мындан тышкары, каалоочулар Facebook социалдык тармагындагы мэриянын расмий аккаунтуна катталып, оперативдүү маалымат алуу менен бирге, көйгөйлүү суроолорду калтырууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле, мэрияынын иши тууралуу толук маалымат оперативдүү түрдө www.meria.kg расмий сайтында дареги боюнча чыгып турат.

Мындан тышкары, сунуштарды WhatsApp аркылуу турак жай чарбалык иштер боюнча  акимдин орун басарына жиберсеңиз болот.

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Бишкек сүйүктүү таза шаарым!