Иш-чаранын жүрүшүндө негизги үч суроо талкууланды. Алар: гранттар менен иштөө, турак жай ээлеринин шериктигин түзүү жана борбор калааны жашыландыруу. Ар бир жетекчи жумуш учурунда пайда болгон көйгөйлөрдү айтып берди.

Шаардыктарды кызыктырган маселелердин катарына короолордун сугарулуусу жана борбодук канализация түйүндөрүн киргизүү, мыйзамсыз курулуш жана жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, тротуарларды оңдоо жана конуштардын  жолдоруна  шагыл төгүү, коомдук транспорт жана парктардын абалы менен байланыштуу көйгөйлөр кирет

«Бишкексууканал» ишканасына суу түтүктөрдү жана борбордук канализацияны куруу тууралуу документтерди алуу жол-жоболорун мүмкүн болушунча  жеңилдетүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле, мэр МАБ башчыларына өз аймактардын өндүрүш планын даярдоо жана апрелде өтө турган кийинки чогулушка даярдап келүү тапшырмасын берди.  

Суроолордун бардыгы вице-мэрлердин өзгөчө көзөмөлүнө алынды.

Азиз Суракматов белгилеп кеткендей, МАБ – бул шаардыктарга жардам берген негизги структура.

Эскерте кетсек, борбор калаанын мэри мектеп жана спорттук уюмдардын мүдүрлөрү менен жолугушту.

Маалым кат: Муниципалдык-аймактык башкармалыктар 2008-жылы түзүлгөн. Бишкекте 22 МАБ бар.

- Ленин району – 6 МАБ (с №1 по № 5 и МТУ «Чон-Арык», анын ичинде 3 МАБ жаңы конуштарды тейлейт);

- Октябрь району – 6 МАБ (с № 6 по № 11, анын ичинде 1 МАБ жаңы конуштарды тейлейт);

- Биринчи Май району – 5 МАБ (с № 12 по № 16, анын ичинде 3 МАБ жаңы конуштарды тейлейт);

- Свердлов району – 5 МАБ (с № 17 по № 21, анын ичинде 2 МАБ жаңы конуштарды тейлейт).

Бишкек – сүйүктүү шаарым!