Бүгүн, 3-мартта Ала-Тоо борбордук аянтында КР Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанат  өттү. Иш-чарага шаар тургундары, мэр Азиз Суракматов, шаар кызматтарынын жана структуралык түзүмдөрдүн жетекчилери менен кызматкерлери катышты.

Куттуктоо сөзүндө калаа башчысы А.Суракматов, мамлекеттик туу эгемендиктин, биримдиктин, Мекенге болгон сүйүүнүн, жаратмандыктын символу болуп, баарыбызга жаңы жетишкендиктер менен жаңы ийгиликтерге дем берип тураарын белгилей кетти.

КР Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.  

Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.

Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.

Урматтоо менен мэриянын басма-сөз кызматы