5-мартта Октябрь районунун акими кезектеги жыйынын өткөрдү.

Чогулушта санитардык тазалоо жана районду жашылдандыруу, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы тарабынан бак-дарактарды тигүү, райондук конуштардын жолдоруна шагыл төгүү жана мектептердеги электрондук кезек тууралуу маселелер козголду.

Жыйынтыгында, аймактагы жашоонун жакшыртуу үчүн аким тарабынан шаардык кызматтарга тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Эске сала кетсек, Октябрь районунда жарандардын кайрылуулары боюнча «Бирдиктүү терезе» иштейт. Ошондой эле, adm-oktyabr@bk.ru электрондук дарегине кайырлууларды жөнөтүп жана Октябрь районунун акими Ситников М. жеке кабыл алуусуна жазылса болот.

Бирдиктүү терезе иш күндөрү саат 9:00 саат 18:00 чейин Байтик Баатыр көчөсү, 17үй (биринчи кабат, фойенин он тарабынан кирсе болот) дареги боюнча иштейт.

Телефону: (0312) 57-63-80.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!