Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушундагы суутоптомунун жанында жана квартал аралык жолдун үстүнө  мыйзамсыз курулган турак жайлар боюнча соттук иште утуп алды.

Белгилей кетсек, "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы Башкармалык тараптан аталган жерлердин бөлүштүрүүдөгү майзымдуулугун текшерүү тууралу кайрылуусуна берген жообунда, Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушундагы №№ 2249, 2251, 2252, 2307, 2310, 2311, 2341 номерлүү жер тилкелери аталган конуштун курулуш схемасына ылайык жогоруда айтылган жерлер жок экендигин билдирди.

Башкармалык түшкөн документтерди керектүү текшерүүдөн өткөрүп, 28-ноябрда “Жеке турак жай куруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын бешинчи статьясына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык Бишкек шаарынын райондук сотуна Биринчи Май районунун администрациясынын токтомун жокко чыгаруу үчүн арыз менен кайрылган.

Ошентип, Бишкектин райондук сотунун чечиминде Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын 27.02.2019 доо арыздары канаатандырылды.

Бишкек - сүйүктүү шаарым!