Жолугушуу диалог форматында өттү. Мектептин ар бир директору көйгөйлөрү менен бөлүшүп, чечүүнү талап кылган маселелрдин катарына мектептеги окуучулардын көптүгүнөн улам, кошумча имарат куруу зарылчылыгы айтылды. Ошондой эле, мектептерди оңдоо иштери, мектеп имараттарын муниципалдык менчикке өткөрүү суроолору, ашкана блокторун салуу жөнүндө сөз болду. Мындан тышкары, мектеп штатына IT – адистигин киригизүү маселелси каралды.    

Бирок, кээ бир мекетептерде окуучулардын саны көп болгону менен, айрымдарында окучуулар жетишсиз экени дагы айтылып, буга мисал катары №14 - орто мектепке балдар токтобой жатканын мүдүр Гульназ Сарыгулова белгиледи. Мэр Азиз Суракматов билим берүу башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейирманова жана  вице-мэр Татьяна Кузнецовага  маселени иликтеп, жаңы окуу жылына карата мектепти комплектациялоо тапшырмасын берди.

Калаа башчысы мектепте балдардын окуусуна ылайыктуу шарттарды түзүү мэриянын негизги иш багыттарынын бири экенин белгилей кетти.      

Маалым кат: Октябрь районунда 19 мектеп бар, алардын – 9 статустук, 6- орто, 1- орто билим берүүчу интернат, 1- иштеген жаштардын мектеби бар. Райондогу мугалимдердин саны  – 1 309 кишини түзөт.  

Бишкек – сүйүктүү билим берүүчү шаарым!