Бишкекте кыш мезгилиндеги бак отургузуу иштери соңуна келди. Аткарылган жумуштардын арасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде ийне жалбырактууларды жаңыртып отургузуу иштери кирди.  
Натыйжада, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук Филармониясынын маңдайындагы 7 даана тянь-шань карагайларынын ордуна 9 түп көк арча тигилди. 

Экинчи катарга дагы 5 түп арча отургузулду. Жаш арчалардын 3 түбүн Асаналиев атындгы тоо кен институнун түндүк-чыгыш тарабына Чүй проспектин бойлой  мэриянын жанына тигилди. Жалпы жонунан 17ийне жалбырактуу дарак отургузулду.  

Ийне жалбырактуу бактардын кээ бири 45-50 жылдан бери өсүп келе жатканына байланыштуу, алар куурап, сыртку көрүнүшү начарлап кеткен. Ушундан улам, бул бактар, тамыр системасына доо келтирилбестен, топурагы менен казылып алынып, "Бишкекжашылдандыруу" ишканасынын күнөсканасына калыбына келтирүү үчүн отуругузулду.

Бишкек - сүйүктүү жашыл шаарым!