Вице-мэр Уланбек Азыгалиев № 5 - кичи райондогу көп кабаттуу үйдүн куруу маселеси боюнча иш жыйын өткөрдү.

Чогулушка Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын, капиталдык курулуш башкармалыгынын жана “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жетекчилери катышты.

Эске салсак, буга чейин капиталдык курулуш бшкармалыгы “Наше право” коомдук фонду менен биргеликте бул объектинин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү максатында укук коргоо органдарына кайрылышкан.

Учурда бардык жагдайларды текшерүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, Октябрь райондук прокуратурасынын көрсөтмөсү түшкөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына жана Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспециясынын регионалдык башкармалыгына аталган объекттин куруу жана монтаждык иштерини убактылуу токтотууга тапшырма берилди.

Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспециясы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы тогуз кабаттуу үйдүн проектисинин жана курулушка уруксат берүүчү  документтерин текшерүүгө алышат.

Белгилей кетсек, 2012-жылы капиталдык курулуш башкармалыгына көп кабатту турак жай куруу үчүн № 5 - кичи райондогу жер мөөнөтсүз колдонууга бөлүнгөн.

Бишкек – сүйктүү мыйзымдүү шаарыбыз!