Айымдардын жаз майрамынын урматына А.Малдыбаев атындагы кыргыз академиялык опера балет театрында Свердлов райондук акимиаты тарабынан майрамдык концерт уюштурулду.

Салтанаттуу иш чарага райондун 850 айымдары чакырылып, район башчысы Мурат Осмонов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Адиса Имангазиева менен Лев Васильев аларга ден-соолук, кубаныч, бакыт, жаштык каалоо менен белектерин тапшырышты.

Ошондой эле, № 19 - МАБдын  активдүү айымдарына шаардын кафелеринин биринен салтанаттуу түшкү тамак уюштурулуп, иш чарага аким катышып, жаз майрамы менен куттуктап жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Т.Абдымомунов атындагы улуттук академиялык кыргыз драма театрында Биринчи май акимиаты айымдардын Эл аралык күнүнө карата райондук иш-чара өткөрдү.  

650 айым катышкан концерттик программанын башында, район акими Токтосун Султанов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Эрик Усубалиев менен Канатбек Мүзүралиевдер куттуктоо сөздөрүн айтып, кыргыз эстрадасынын жылдыздары тартуулаган чоң концертке күбө болушту. Райондун эң эле активдүү айымдары ардак грамота менен сыйланып, аларга белектер тартууланды.

Октябрь районунун башчысы Максим Ситников айымдардын эл аралык жаз майрамы менен бардык асылзат айымдарын  куттуктады. Ошондой эле, акимиаттын жыйындар залында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Эмиль Сыдыков менен Сергей Шин райондун активдүү айымдарына майрамдык маанай тартуулашты. Аны менен бриге эле, Таберик жаштар театрынын артистери жана эстрада жылдыздары концертке келген райондун айымдарына ыр десте сунуп, жаз майрамына карата белектер берилди.

4-мартта Ленин районун айымдары катышкан иш чара, кыргыз драма театрында өттү. Концертке келген 600 айымдын арасында «Баатыр-эне» орденинин жана  «Эне-даңкы» медалынын ээлери дагы болду. Мындан тышкары, көп балалуу энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар, билим берүү жана маданият тармагынын кызматкерлер менен райондук кызматтарда эмгектенген айымдар катышты.

Куттуктоо сөзүндө Ленин районун акими Нурдин Тынаев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын  орун басары Руслан Жакышов айымдардын үй-бүлөдөгү ордун белигелөө менен социалдык жана экономикалык өнүгүүгө кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирип кетишти.

Ал эми 5 - мартта К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде Ленин акимиаты жогорку окуу жайларда эмгектенген, райондук кызматтарда иштеген, билим берүу мекемелерин жетекетеген айымдарды куттукташты.

Райондун жашоосуна акативдүү катышып, өнүгүүсүнө салым кошкон 22 айымга муниципалдык администриция тарабынан ардак грамоталар жана ыраазчылык каттары тапшырылды.  

Бишкек –  ажайып сулуу айымдарыбыз жашаган  сүйүктүү шаарыбыз!