7-мартта Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасындагы Азербайжан элчилиги тарабынан борбор калаабызда курулуш тармагындагы кызматташунун алкагында Бишкек шаарында орто мектеп салуу жана Гейдар Алиев атындагы сейил багын отургузуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Документке калаа башчысы Азиз Суракматов жана Кыргыз Республикасындагы Азербайжан Республикасынын Атайын Ыйгарымдуу Элчиси Гидаят Худуш оглы Оруджев мырза  кол коюшту.

Ага ылайык, мэрия тарабынан Г.Алиев атындагы сейил багын отургузуу үчүн А.Токомбаев көчөсүн бойлой 5,5 га жер тилкеси убактылуу колдонууга акысыз негизде берилет.    

Ошондой эле, муниципалитет «Көк-Жар» конушундагы Молдокулов жана Куйручук көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2,24га жер тилкеси 550 орундук орто мектепти салууга убактылуу колдонууга акысыз негизде элчиликке берет.  

Курулуштун архитектордук-пландык шарттары (АПУ) жана инженердик-техникалык шарттар (ИТУ) боюнча, долбоорду иштеп чыгуучулар менен биргеликте бардык инстанцияларда макулдашуу, долбоорду мамлекеттик экспертизадан өткөрүү, мыйзамга ылайык курулуш иштерине уруксат документтерин каттоодо мэрия тарабынан көмөк көрсөтүлөт.

Объектердин курулушу Азербайжан Республикасы тарабынын жүзөгө ашырылат.

Бишкек – ынтымактын шаары!