Аялдардын Эл аралык күнүнө карата “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка биргеликке каршы”  аталышындагы Улуттук компаниясынын алкаганда  8-мартта өткөрүлгөн Фестиваль боюнча калаа  башчысы Азиз Суракматов расмий билдирет: Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш алып барган.

“Конституцияга ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”. “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамдын негизинде мамлекеттик органдар  жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тынч чогулуштар боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда сый мамиле кылууга милдеттүү жана тынч чогулушту өткөрүүнүн убактысын, ордун жана кыймылдын маршрутун аныктоого  укуксуз “- деп билдирди калаа башчысы.        

Ошондой эле, Азиз Эмилбекович белгилеп кеткендей, 8-март аялдардын Эл аралык күнүндө борбордо тынчтык жана тартипти сактаган укук коргоо органдарынын иш-аракети үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.  

Мэрия жана укук коргоо органдары майрам күндө өткөн тынч чогулушта тартип сактоодо өз милдетин аткарып,  шаардык кызматтар өз убагында тазалап жана таштандыларды чыгарып кетишти.    

Бишкек – мыйзамга баш ийген шаарыбыз!