9-мартта баш калаабыздын төрт районунан эки миңден ашуун жашоочулар шаардык ишембиликке чыгышты.  

Биринчи май районунан  970 жашоочу аянты 142 000 миң чарчы метрден ашуун жерди жана узундугу 1 050 метр түзгөн ирригация түйүндөрүн тазалашты. Натыйжада, атайын техниканын жардамы менен 15 тоннага жакын таштанды чыгарылды.

Ошондой эле ишембиликке Юг-2 кичи районунун тургундары менен "Салам-Алик", "Щербакова" жана  "Аска-Таш" жаңы конуштарынын жашоочулары активдүү катышты.

Бишкек шаарынын Ленин районунда дагы массалык түрдө тазалоо иштери жүрдү. Бул райондогу ишембиликке   шаардыктар, техникалык окуу жайлардын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери, соода тармагында эмгектенген жарандар, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жана “Бишкекжашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери Ленин райондук акимиатынын жана райондун ишканаларынын кызматкерлери бардыгы болуп 1 200 ашуун киши катышты.  

Натыйжада 64 000 чарчы метр жер, анын ичинде 35 короо, 15 тен ашык балдар аятнчасы жана эл көп чогулган 5 аймак тазаланды. Бул жерден дагы атайын техниканын жардамы менен 11 тоннага жакын таштанды чыгарылды.

Октябрь районунун тургундары дагы четте калбастан, КР ИИМ ЖККББ аймагына бекитилген короолорду жана Республикалык психиатриялык ден-соолук борборунун короосун тазалап чыгышты.  

Свердлов районун дагы шаардыктар жана райондук ишканалардын өкүлдөрү санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ал эми район жашоочулары катышкан масштабдуу ишмебилик 16 – мартка пландаштырылды.  

Ардактуу шаардыктар! Мындай иш-чаралар борбор калаабызда экологиялык абалды жакшыртуу үчүн жана тазалыкты сактоо үчүн жүргүзүлүп. Ошондуктан, ишембиликке катышкан бардык жарандарга Бишкек шаарынын мэриясы терең ыраазычылык билдирет.  

Бишкек – сүйүктүү таза шаарыбыз!