14-мартта эртең менеки саат 9:00дөн кечки 17:00гө чейин борбор калаабыздын кээ бир райондорунда суу өчүрүлөт.
“Бишкексууканал” ишканасы “Киркомстром” суу топтомосунда оңдоо иштери жүргүзүлгөдүгүно байланыштуу төмөнкү даректер боюнча ысык суу өчөт:

-Дэн Сяопин, Абакан, Мурманск, Садыгалиев, Волков жана Кустанай көчөлөрү, алардын ичинде «Бишкектеплоэнерго» комуналдык ишканасы, АООТ «БСМ», ОсОО «Нургаз», доктор Бекбоевдин медициналык борбору, ЧП «Васипов» наавайканасы, «Счастливая страна» бала бакчасы, балдарды коргоо борбору, №37-балдар комбинаты, №42- орто мектеби, № 97632-аскер бөлүмү.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты, уюмдарды жана ишканаларды алдын ала суу менен камсыздап алууну өтүнөт.

Ардактуу шаардыктар! Суу маселеси боюнча көйгөй жаралса «Бишкексууканал» ишканасынын төмөнкү номурларына кайрылсаңыздар болот:

- "Бишкексууканал” ишканасынын борбордук диспетчердик кызматы: 56-03-20;

- Үй ичиндеги түйүндөр боюнча бул номурларга чалсаңыздар болот:54-42-45, 54-42-44.

- "Горводопровод" башкармалыгы сырткы түйүндөр боюнча арыздарды кабыл алат: 44-95-97, 44-96-45.

Бишкек – таза суу менен камсыздалган сүйүктүү шаарым!