“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаада жайгашкан архитектуралык эстеликтерди жууп баштады.
Учурда ишкананын эсебинде 39 эстелик бар.

Жазгы жана жайкы мезгилдеринде эстеликтердин тазаланышы жана жылтыратуу иштери график боюнча жүргүзүлөт.

Тазалоо иштеринде жуугуч каражаттар кошулган суу колдонулат.

Ошондой эле, көчөлөрдүн жуулушу да уланып жатат. Тазалоо үчүн 26 атайын техника даяр жана кызмат кылууда.

Бишкек – тарыхый сүйүктүү шаарым!