Ж. Шералиев атындагы өнөр мектебинин “Жаш Канат” хореографиялык балдар ансамбли Сочиде өткөн “ФестЛайф” эл аралык бийчилер сынагына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө биздин жаш таланттарыбыз үч сынакка тең катышып татыктуу деңгээлде өлкөбүздү таанытышты.

Кыргызстандык жаш бийчилер техникалык жана көркөмдүк өнөрлөрү, жаркыраган арттистиги менен абройлу калыс тобун таң калдырышты. Ошондуктан, бардык байгелүү орундар мекендештерибизге ыйгарылды.

"Фактор успеха" сынагында ансамбль Гран-При жана 1-орунду алды. "Золотая Ника" сынагында – 1 орунга ээ болушту. "Танцевальная орбита" сынагында – 1 жана 2 орундар ыйгарылды.

Калыстар тобу И. Моисеев атындагы академиялык бий ансамблинин, “Березка” мамлекеттик академиялык ансамблинин, “Тодес” шоу-балетинин жана “Гжель” бий театрынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

“Жаш Канат” ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын маданият жана билим берүү отличниги Фаткулин Канат Серкалиевич калыстардан көптөгөн мактоолорго ээ болду.

Бишкек шаарынны мэриясы балдар бий ансамблдери менен сыймыктанат жана жаш таланттарды жеңиштери менен куттуктайт!

Бишкек – жаш таланттардын шаары!