“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында борбордук муниципалитеттин камера коюла турган 9 жол кесилиштеринде жана 2 темир жолунун кесилиши (путепровод) жолдордун инфратүзүмүн иретке келтирүү иштери аяктады.

Оңдоо иштеринин 97% аяктады. Эртеңки күнгө чейин жолдордун инфратүзүмү толук даяр болот. Учурда кесилиштерде кошумча жол белгилери жана жол чырак объектилериндеги орнотулду.
ГОСТ стандарттарына ылайык жол кесилиштердин иретке келтирүү үчүн шаардык кызматтар иштеп жатат. “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасы жол белгилерин жана жол чырактарды тосуп калган бак дарактардын санитардык түрдө кыюуларын ишке ашырууда. ”Бишкекасфальтсервис” ишканасы болсо жол белгилерин түшүрүп, керектөөчү белгилерди орнотту. “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы сырткы жарыкты орнотту. Ал эми “Тазалык” ишканасы санитардык тазалоо жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы экинчи фаза алкагында төмөнкү жол кесилиштерди ГОСТ стандарттарына ылйыкташтарат.

- Ж. Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши;
- Чүй – Манас проспектилеринин кесилиши;
- Чүй проспекти менен Павлов көчөсүнүн кесилиши;
- Жибек Жолу - Манас проспектилеринин кесилиши;
- Махатма Ганди – А.Боталиев көчөлөрөнүн кесилиши;
- Жибек Жолу – Курмажан Датка проспектилеринин кесилиши;
- И. Ахунбаев – Байтик Баатыр көчөлөрөнүн кесилиши;
- Чүй проспекти менен Ж. Абдрахманов көчөсүнүн кесилиши;
- Байтик Баатыр – М. Горький көчөлөрөнүн кесилиши;
Кесилиштерге орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.
Долбоордун аткаруучусу «Вега радиокуруу концерни» акционердик коому.
Системаны акырындап ишке киргизүү үчүн долбоорду 4 этап менен жүзөгө ашыруу пландаштырылган. Эскерте кетскек, биринчи фазанын алкагында 10 жол кесилишинде жана 2 темир жолунун кесилиштеринде (путепровод) камералар орнотулуп, учурда иштеп жатышат.

Ардактуу шаарыдктар! Жол эрежесин сактап, жол белгилерине көңүл бөлүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Бишкек-сүйүктүү коопсуз шаар!