15-мартта “Беш-Сары” спорт комплексинде баатыр-интернационалист, Кызыл Жылдыз Орденинин Кавалери Виктор Москальченконун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык жаштар турнири болуп өттү. 

Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын Ленин районунун адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин сыйлыгына ээ болушту.

Жыл сайын бул турнирге биздин өлкөдөн жана Россиядан, Казахстандан, Өзбекистандан, Таджикистандан 300дөн ашык спортсмендер катышышат. Бул турнирдин жеңүүчүлөрү улуттук курама командаларды толуктап, өз өлкөсүн расмий турнирлерде таанытат.

Иш-чарага шаар тургундар, Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Даулет Досалиев катышышты.