Кырсык кечээ 14-мартта саат 20.00дө, Профсоюз көчөсүндө болгон, анда “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 36 жаштагы кызматкери Үсөн Жусубалиев каза болгон. Ал Казарманда туулган. Азыр "Тынчтык" конушунда үй-бүлөсү менен жашачу, жубайы Г.З.Пратова дагы “Тазалык” МИнин кызматкери болуп эмгектенет.

Белгилей кетчү нерсе, Ү. Жусубалиев иштеп жаткан участок толугу менен жарыктандырылган, ошондой эле каза болгон кызматкер жарыкты чагылдыруучу атайын кийим кийип жүргөн. Алдын ала маалыматка ылайык, унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан, анткени, унаа кызматкерди сүзгөндө ал 20 метрдей аралыкка учуп кеткен.

Айдоочу кырсык болгон жерде кармалган. Азыркы учурда борбордун  ЖККББы тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Ишкана тарабынан каза болгон кызматердин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы мезгилсиз каза болгон Ү. Жусубалиевдин  туугандарына жана жакындарына  көңүл айтат жана тергөө иштеринин объективдүү жүрүшүнө ишенет.

Урматтуу шаардын айдоочулары,  мэриянын кызматкерлери күнү-түнү иштешет, алар бардыгы жарык чагылдыруучу атайын кийимдерди кийип иштешет. Ошого карабастан алар кырсыктан каза болууда. Сураныч! 

Биздин борборду көрктөндүрүүгө салымын кошуп, эмгектенген бул “көрүнбөгөн адамдарды” байкап жүрсөңүздөр.
урматтоо менен мэриянынын басма-сөз кызматы.