Калаа мэриясы Аламүдүн сейил багындагы муниципалдык жерди бошотуп жатат.

2005-жылдын 18-августунда кабыл алынган токтомго ылайык “Аламедин базары” жоопкерчилиги чектелген коомго убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга ижарага Буденный менен М. Джалил көчөлөрүнүн кесилишиндеги жайгашкан 13 миң кв. метр жер берилген.

Комиссиялык текшерүүнүн негизинде аталган жер максаты менен пайдаланылбаганы аныкталды.

Мындан тышкары, бул жерде 11 объект архитектуралык жана техникалык корутундусу жок иштеп жаткандыктан, тактап айтканда  ижарага берилген жерде мыйзамсыз түрдө объектилер курулгандыгы тастыкталды. Алардын ичинде:

- 3 кафе;
- 1 кичи футболдук талаа;
- 2 унаа бөлүктөрүн саткан дүкөн;
- 3 кампа;
- 2 ашкана;
- 1 унаажуугуч.

“Аламедин Базары” тарабынан укуксат кагаздары жок муниципалдык жерди колдонгон фактылар катталды.

Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы аталган дарек боюнча жеңилдетилген типтеги 16 объектини ордунан алды. Жасалган иштердин жыйынтыгында, 40 сотка жер кайтарып алынды.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!