Биринчи май районунун №1-бала бакчасы тарабынан 21-март Улуттук «Нооруз» майрамынын алкагында “Кел, Ноорузум!” майрамдык иш-чарасы ѳткөрүлдү. Концерт Умай эненин аластоосу менен башталып, улуттук оюндар жана ыр-бийлер менен коштолду. Жаш тарбиянуучулар тарабынан улуттук “Тушоо кесүү” каада-салты көрсөтүлдү.  

Ошондой эле, Биринчи май районунун бардык мектептеринде жана бала бакчаларында “Нооруз” майрамына карата улуттук каада-салтты, ырым-жырымды камтыган иш-чаралар өткөрүлүүдө.