Бишкек шаарынын мэриясында мэр Азиз Суракматовдун жана Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айымдын жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, калаа башчысы, Ду Дэвэнь айымды бийик дипломатиялык постко дайындалышы менен куттуктап, Кытай тарабынан каржыланган “Көчө-жолдорду оңдоо” долбоорунун экинчи фазасын жүзөгө ашыруу маселеси тууралуу сөз кылды. А. Суракматов аталган долбоордун алкагында Бишкек шаарынын 60 көчөсү, тактап айтканда 70, 87 км оңдолоорун баса белгиледи.

Ал эми, Кытай Элчиси Бишкек шаарынын мэрине ыраазычылыгын айтып, келечекте биримдүү кызматташтыктарга үмүтүн билдирди.

Жолугушуугаа КЭР Элчисинин кеңешчиси Ли Юе, КЭРдин КРдеги Элчилигинин биринчи катчысы Ван Цзивэй, КЭРдин КРдеги Элчилигинин атташеси Чжоу Тиншэнь жана шаардын вице-мэри Уланбек Азыгалиев катышты.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!