Октябрь районунун акими Максим Ситников пландык чогулуш өткөрдү.

Иш жыйындын жүрүшүндө Россия федерациясынын жетекчилеринин мамлекеттик сапарына жана 2019-жылынын жайында өтө турган ШОС саммитине карата райондун даярдык иштери талкууланды. Ошондой эле, жайландыруу, жашыландыруу, санитардык тазалоо маселелери сөз болуп, райондо өтө турган калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык иштери талкууланды.

Чогулуштун жыйынтыгында, тиешелүү кызматтарга райондук жашоону жакшыртуу үчүн тапшырмалар берилди.

Бишкек – сүйктүү шаарыбыз!