26-мартта Биринчи май администрациялык районунун башчысы Т.Султановдун төрагалыгы астында башчынын орун басарлары, райондук кызматтардын жетекчилери, МАБдардын башчыларынын катышуусу менен кезектеги пландык кеңешме өттү.

Чогулушта райондун аймагында жайландырууда жана санитардык тазалоодо, ишембиликтерди өткөрүүдө пайда болгон көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчыларына, жергиликтүү тургундар арасында ишембиликке жигердүү катышуу тууралуу түшүндүрүү иштерин күчөтүлүшү керектигин эскертилди. Андан тышкары тиешелүү кызматтарга көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн тапшырмалар берилди.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!