28-мартта 14:30да шаардык музайдыңда шайба менен хоккей боюнча Бишкек шаарынын мэринин Кубогуна 2009-жылы туулгандардын жана андан кичүүлөрдүн арасында өткөн Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өтөт.

Эске сала кетсек, турнир 23-мартта башталган. Ал 2017 –жылынан тарта уюштурулуп келе жатат.  Бул жылы турнирге 7 өлкөдөн 10 курама команда катышты: Россия, АКШ, Чехия, Латвия, Өзбекистан, Казахстан жана Кыргызстан.

Эл аралык турнир “Илбирстерди бирликте сактап калалы“ ураан менен өттү. Аталган ураан менен кыргызстандык хоккеисттер өтүп кеткен жылы Кыргызстан чемпионатында жана 2018-жылы Малазияда өткөн “Кубок Вызова Азии 2018” чемпионатына катышкан.

Ардактуу шаардыктар! Финалдык оюнга жана салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземине катышуу үчүн 28-март 2019-жылы сизди шаардык музайдыңга чакырабыз. Оюндун башталышы  8:30да, сыйлык берүү аземи 14:30да башталат.

Аталган сынак Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы, КР хоккей Федерациясы ПРООН жана Москва Үйү менен биргеликте уюштурулду.

Финалдык оюндардын программасы:

9 жана 10-орундарга матч – Нарынские ястребы – СКА-Стрельна 2017
7 жана 8-орундарга матч – Туран – СДЮШОР 1
5 жана 6-орундарга матч – СКА-Стрельна – Check-Select
3 жана 4-орундарга матч – США – Рига
1 жана 2-орундарга матч – СДЮШОР СИ Бишкек – Узбекистан

Урматтуу ММК өкүлдөрү! Аккредитациядан өтүп коюңуздар!

0703047917 – Наргиза Дербишева

Бишкек – спортту сүйгөн шаар!