Бишкектиктер жана калаа коноктору үчүн жаңы сейил багы жасалат.

Бүгүн, 28-мартта,«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы  Анкара (мурд. Горький) жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган сейил бакты жашылдандыруу иштерин баштады.

Жакында бул жерге жакын жайгашкан “Кара-Жыгач” жана “Алтын-Ордо 1-2” жаңы конуштарынын тургундарына эс алууга жакшы шарт түзүлөт.

Жаңы сейил багынын аняты 15 миң чарчы метрди түзөт. Мини-парктын ичинде бактар сакталып, кээ бирлери буталып, эми гүл, бадал, жазы жалбырактуу бактарды отургузуу пландаштырылууда. Мындан тышкары, сейил бактын ичине газон чөбү эгилип, таштанды челектери менен отургучтар орнотулду.

Ошондой эле, арыктар казылып, кадимкидей жөнөкөй таштан төшөлгөн арык системасы салынып, кичи архитектуралык формадагы скульптуралар коюлуп, бул жерди көркүнө чыгарат.

Белиглей кетсек, жашылдандыруу иштери боюнча бул жылдын эсебинен оңдолуп жаткан биринчи сейил багы болуп саналат.  Жалпы жонунан үстүбүздөгү жылы  9 сейил багы жана эс алуу зоналары менен 2 бульвар жашылдандырылат.

Бишкек – сүйүктүу жашыл шаарыбыз!