Орто-Сай базарынын жанында, Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө турган сатуучулар ирээтке чакырылды.

Октябрь районунун акимиаты жана райондун Ички иштер башкармалыгы тарабынан  базардын тегерегинде  инспекция жүргүзүлдү.

Натыйжада санитардык нормаларга жооп бербеген 10 ашык сатуу жайы ишин токтотуп, сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ардактуу шаардыктар! Мэрия эскертет, көчөдө туруп, санитартык талаптарга жооп бербеген азыктарды сатуу ден-соолук үчүн кооптуу. Ушундан улам, Бишкек шаарынын аймагында соода-сатык иштерин жүргүзүүдө сатуу эрежелерин сактоону өтүнөбүз.

Шаар тургундарынын сын-пикир жана кайрылууларын кабыл алуу боюнча "Бишкек 312" кызматы да иш алып барат. Өзүңүздүн арызыңызды же сунушуңузду калтыруу үчүн PlayMarket же AppStore  тиркемесин жүктөңүз. Тиркемени активдештирүү үчүн аты-жөнүңүздү, мобилдик телефонуңузду көрсөтүү менен сизди кызыктырган бөлүмгө кире аласыз.

Тиркемени колдонуучулар турак жай, коммуналдык чарба, коомдук транспорт, жол куруу, социалдык мекемелердин иштери, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу маселери боюнча бөлүмдөргө кире алышат.

Мындан сырткары шаардыктар "Бишкек шаарынын мэриясынын расмий каналы" бөлүмүнө өздөрүнүн сунуштарын калтыра алышат. Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында www.meria.kg дареги боюнча,  бардык маалымат оперативдүү түрдө берилип турат.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!